• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мэрия муниципалдык унаа токтотуучу жайларда төлөмдөрдү мыйзамсыз чогултуу фактысын маалымдоону суранат

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Борбор калаанын мэриясы шаардыктардан муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдөрдү мыйзамсыз чогултуу фактыларын калтырууну суранат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, унаа токтотуу 15 мүнөткө чейин акысыз. Муниципалдык операторлор «Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары» деген муниципалдык ишкананын, Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн атайын жашыл жилеттерди кийишет жана төш белгилери бар, ошондой эле алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар талон беришет.

Ар дайым ишкананын адистери тарабынан муниципалдык унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн мыйзамсыз акы алган белгисиз адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп келет.

Эскерте кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү ишкананын операторлору иштебейт жана ошого жараша унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн акы алышпайт.

"Урматтуу шаар тургундары, эгер сиз атайын жилети жок адамдар сизден акча талап кылып, талон бербей жаткандыгына күбө болсоңуз, анда Чүй проспектиси 315 дарегине (8-кабат) видео жана фото фактылар менен "Бишкек унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасына кайрылууңуздарды жана кайрылууларды parkovki@meria.kg. электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз",-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий