• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 27-февралына чейин күтүлгөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265, (Көк-Бел ашуусу) 351-365-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдары, (Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдары), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон, Сөөк ашуулары) 60-68-чакырымдары, кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2017-жылдын 24-февралында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий