• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда "Цветы России" аттуу фестиваль өтүүдө – ал Европанын 13 шаарында өткөрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 25нен 30-мартка чейин XIV "Цветы России" Эл аралык маданий фестиваль өтүүдө. Ал буга чейин Европанын 13 шаарында өткөрүлгөн. Бул фестиваль тууралуу анын уюштуруучулары "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиришти.

Бул маданий жана маалымат берүүчү мүнөздөгү фестиваль Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Бишкекте алгач ирет өткөрүлүүдө. Бир жыл мурда ал Алматада өткөрүлгөн.

"Ал Бишкек шаарынын тургундарын Россиянын өнөрлүү балдарынын чыгармалары менен тааныштырат. Бул долбоор 2013-жылы Россиянын искусство жана билим берүү тармагында эл аралык кызматташуусун өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн түзүлгөн. Бул жылдары фестиваль өзүн жакшы жактан көрсөтө алды", - деген КРнын Маданият министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Назгүл Өмүрзакова сөздү конокторго узатты.

"Цветы России" Эл аралык маданий фестивалынын көркөм жетекчиси Виктор Минков бул өзү өңдүү фестивалдардан эң ири долбоор экенин жана Россиядагы балдар чыгармачылыгын көрсөтөрүн белгиледи.

"Ал, Россиянын маданият министри Владимир Мединскийдин колдоосунда болуп, чет жерде кызыгуу туудуруп келет. Биздин өнөрдү көрүүгө кызыккандар кезекте турат десе болот. Ушуну менен XIV фестиваль өтүүдө. Бул деген – жандуу тарых", - деди ал.

Ошондой эле, ал, фестивалдын аталышына токтолуп, "Балдар – жашоонун гүлү" деген сөздөн келип чыкканын айтып өттү.

"Бизде болгон жакшы жана балдардын чыгармачылыгына байланышкан нерселерди алып келдик. Маселен, "Домисолька" жамааты. Алар бүгүн саат 18:00дө опера жана балет театрында өзүнүн программасы менен чыгышат. Ошондой эле санкт-петербургдук "Куурчак формат" ("Кукольный формат") театры, мастер-класс, Калининграддан Владивостокко чейин камтыган балдардын сүрөт көргөзмөсү, тегерек столдор бар. Жыш экенине карабай мунун баары эки күндө өтүүдө", - деди ал.

Минков билдиргендей, андан ары алар Ташкентке сапар тартып, Ташкенттен Дюссельдорфго кетишет. Ал, Бишкекте бул фестивалды уюштурууда көрсөткөн колдоосу жана жолугушуусу үчүн КРнын Маданият министрлигине ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын тургундарын "Домисолька" балдар музыкалык театрынын концертине чакырды.

"Биздин театр 29 жылдан бери бар. Келерки жылы биз 30 жылдык мааракебизди белгилейбиз. Бизде, балдар театр жаатында болгон баардык театралдык тенденциялар – актердук чеберчилик, вокалдын ар кыл багыттары, заманбап жана классикалык хореография боюнча алектенишет. Башкача айтканда өсүп келе жаткан муун үчүн биздин билим берүү багыттарыбыз абдан кенен", - дейт "Домисалька" музыкалык балдар театрынын жетекчиси Ольга Юдахина.

Анын кесиптеши, ошол эле театрдын көркөм жетекчиси Иван Жиганов белгилегендей, театр жамааты үчүн өзүнүн чыгармачылыгын Кыргызстанда тартуулоо чоң сыймык.

"Балдар ырдаганда, замбиректер тынч турат. Бишкектин көчөлөрүндө жүрүп калганда ырдап жүргөн кичинекей шаар тургундарын көрөбүз. Биз алардын жанына басып барып, концертке чакырабыз. Сиздердин өлкөдө Россия Федерациясынын балдар искусствосун тартуулап жатканыбыз биз үчүн сыймык. "Цветы России" фестивалынын арты менен түзмө-түз баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп билдирди Жиганов.

"Цветы России" – эл аралык маданий фестиваль. Ал Россиянын Маданият министрлигинин каржылык колдоосу менен коммерциялык эмес "АРТ-ДОЛБООР" социалдык маданий бирикмеси" тарабынан өткөрүлүп келет.

Бул долбоор 2013-жылы искусство жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Фестивалдын программасы Прага, Вена, Милан, Турин, Хельсинк, Братислав, Минск, Афины, Мюнхен, Берлин жана Алматыда көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий