• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индонезия: паркта 15 жылдан бери көкүрөгү ачык турган суу перинин эстелигин кийинтип коюшту

Дүйнө 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Индонезиянын борбору Жакартанын Ancol Dreamland сейил бакка коюлган суу перилерге кийим кийгизип коюшту. Бул тууралуу Би би си жазат. Оюн-зоок паркынын жетекчилиги муну салттык чыгыш баалуулуктарын коргоо максатында жасаганын айтып жатат.

Ancol Dreamland паркындагы суу перилердин көкүрөгү 15 жылдан бери ачык эле турган. Эми алардын төшүн жаап, кийим кийгизип коюшту.

Аны көргөндөр таң калууда. Айрымдар парктын жетекчилигине кимдир бирөө тарабынан басым көрсөтүлгөн деп айтып жатышат.

Сейил бактын кызматкери Рика Лестаринин айтымында, алар суу перилерге бир жыл мурда эле кийим кийгизип коюшкан.

"Бул менеджменттик кадам. Кимдир бирөө бизге кысым көрсөткөн жок. Учурда бул паркта оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Суу перилеринин автору, скульптор Долороса Синага Би-Би-Сиге билдиргендей, жетекчилик сейил бакка келген кишилерди искусствого тамшануу укугунан ажыратып койду.

"Алар искусство жолун жаап салышты", - деген пикирде автор.

Сейил бакка келген адамдар "бул суу перилерге тийбей эле койсо болмок, түшүнбөй деле калдык" дешет.

Буга чейин бул суу перилери коомчулукта бир да жолу талкууга алынган эмес болчу.

Пикир

Оставить комментарий