• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4 миллионго жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 млн 954 миң 246 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университети жүргүзгөн эсепке ылайык, коронавирустан 1 млн 331 миң 68 жаран айыккан. Каза болгондордун саны 275 миң 160 адамга жетти.

АКШда коронавирусту 1 млн 283 миң 929 адам, Испанияда – 222 миң 857, Италияда – 217 миң 185, Улуу Британияда – 212 миң 629, Россияда – 198 миң 676, Францияда – 176 миң 202, Германияда – 170 миң 588, Бразилияда – 146 миң 894, Түркияда – 135 миң 569 жана Иранда 104 миң 691 киши жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий