• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Япониядагы аниме студиясында чыккан өрттөн ондогон адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Япониянын Киото шаарында орун алган 3 кабаттуу аниме студиясында чыккан өрттөн 10 адам каза болгондугу болжолдонууда. Алардын жансыз денеси имараттын 2-кабатынан табылганын РИА Новости Киодо агенттигине таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жалпысынын 40ка жакын адам жабыркаган. Алардын ичинен 10у оор абалда экени айтылууда.

NHK телеканалынын маалыматына ылайык, күбөлөр өрт алдында жарылуу болгонун угушкан.

Киодонун билдирүүсүндө, полиция орто жаштагы эркек киши аталган имаратка күйүүчү суюктукту чачып өрттөгөн деп божомолдоодо. Ал адам башка жабыркаган адамдар менен бирге ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий