• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга байланышкан 320 факты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга байланышкан 320 факты аныкталып, жалпы суммасы 1 млн 500 миң сомдон ашык айып пул салынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-мартынан 17-мартына чейинки аралыкта республиканын аймагында «Нелегал» аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Бул иш-чара мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузууга байланышкан фактыларды аныктоого багытталган.

Бул алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө милиция кызматкерлери соода жана башка объектилерди текшерүүгө алышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталган:

- мыйзамсыз миграцияны уюштурган 25 факты аныкталган.
- Кыргызстандачет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 5 факты аныкталган.
- жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн 4 факты аныкталган.
- чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 142 факты аныкталган.
- чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 29 аныкталган.
- Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 116 факты аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий