• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Электрондук коммерция борбору” ачылат, анда интернеттен товар тандоого акысыз үйрөтүшөт

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бишкек шаарынын Борбордук почтампында бүгүн “Электрондук коммерция борборунун” ачылышы болот.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын PR-менеджери Назгүл Раимкулова билдиргендей, аталган борбор бишкектиктерге "Алиэкспресс", «Тао-Бао» ж.б. популярдуу дүйнөлүк интернет-дүкөндөрдөн товар издөөдө акысыз консультация берет. Товарларды жаңылбай тандоодо, төлөөдө, мыкты курьерлерди сатуучуларды табууда ж.б. маалыматтар жаатында борбордун адистери көмөк көрсөтүшөт.

“Учурда маалымат технологиясы тездик менен өнүгүүдө. Интернет аркылуу товар наркын, соода аянтчаларын билүүгө болот. Бирок, көпчүлүгү төлөм карталарын колдонууда психологиялык тоскоолдукка туштугушат”,-деди Н.Раимкулова.

Борбордун адистери ошондой эле, үйүндө олтуруп эле товар тандоого жана төлөмдүн бардык түрүн колдонуп товар алууга үйрөтүшөт. Бул социалдык долбоор алгач ирет ишке ашууда жана аны мындан ары да республиканын бардык аймактарына жайылтуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий