• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: 2-4-мартта абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда -30 га чейин суук болот

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. 2017-жылы 2-4-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -3…-8° суук, күндүзү -2° сууктан…+3° жылуулука чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүзү 0…5°, жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүзү -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүзү -10…-15° суук болуусу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы унааларда, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий