• 88.68
  • 95
  • 0.95

Муздак суу кранын ачык абалда калтыруунун кажети жок — "Бишкексууканал"

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Муздак суу чыккан кранды ачык абалда калтыруунун кереги жок. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасынан билдиришти.

Ведомстводон билдиргендей, шаардын суу түтүктөрү жергиликтүү климаттык шарттарга, анын ичинде суук аба ырайына ылайыкталган.

"Биз бардык абоненттерди социалдык түйүндөрдөгү жалган маалыматка ишенбөөгө жана түтүктөр тоңуп калбашы үчүн муздак сууну агызган абалда калтырбоого чакырабыз", — деп билдиришти "Бишкексууканалдан".

Пикир

Оставить комментарий