• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шаар мэри Албек Ибраимов жер өтмөктөрүнүн ишкерлери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Шаардык муниципалитеттин жыйын залында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жер өтмөктөрүнүн ишкерлери менен жолугушту.

Жолугушууда шаар башчы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жана “Айчүрөк” БУМ жанында жайгашкан жер өтмөктөрүндө иштеген бардык катышуучулардын сөзүн укту.

Катышуучулар пландалып жаткан жер өтмөктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу соода орундарынын санынын өзгөрүү маселесин талкууулашты. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучуларына муниципалдык менчикти ижарага берүү эрежелери түшүндүрүлдү.

Мэрия жогорудагы эки жер өтмөгүндө ошол эле соодагерлердин жана шаардыктардын ыңгайы үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү жана заманбап дааратканаларды орнотуу менен капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү ниетин билдирди. Муниципалитет жер өтмөктөрүндө иштегендердин жамааттык жана профсоюздук өкүлдөрү менен кызматташууга даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Бишкекбашкыархитектура” МИ жана Капиталдык курулуш башкармалыгына тараптар сунуштаган өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, долбоорго түзөтүүлөрдү киргизүүнү кароо тапшырылды.


Пикир

Оставить комментарий