• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1600дөн ашык бишкектиктерге жаратылыш газы жеткиликтүү болду

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. 1600дөн ашык бишкектин жашоочулары жаратылыш газын колдонууга мүмкүнчүлүк алды.

Керамический, Новосельский жана Широкий көчөлөрүнө газ берүү салтанаттуу аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев катышты.

Газ түтүктөрүн куруу жана ири конушту газдаштыруу боюнча иштер Кыргызстанды газ менен жабдуу жана газдаштыруу башкы схемасын ишке ашыруу жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын инвестициялык программасынын алкагында аткарылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, конуштарды газдаштыруу үчүн жаңы газды жөнгө салуучу пункт курулуп, ишке берилген.

Пикир

Оставить комментарий