• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

К.Жумаканов Талас, Нарын жана Чүй облустарында мал шарп ылаңы менен ооруп жатат деген билдирүүнү четке какты

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ветерианрдык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов бир катар депутаттардын Талас, Нарын жана Чүй облустарында мал шарп ылаңы менен ооруп жатканы тууралуу билдирүүлөрүн четке какты.

Ал “Кабар” агенттигине белгилегендей, өлкөдө эпизоотикалык кырдаал туруктуу, тиешелүү көзөмөл жүрүп жатат.

“Өлкөдө вакцинация жасоо өз убагында жана жүз пайызга аткарылууда. Буга чейин козулар өлгөн учурлар болгон. Бирок, ал жерлерде лабораториялык анализ жасалып, канда жугуштуу илдеттер аныкталган эмес. Алардын баары иммунитеттин начардыгынан, тактап айтканда, өз өлүмү менен өлүшкөн”, - деп түшүндүрдү К.Жумаканов.

Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”) Таласта малдын шарп ылаңы көп кездешип жатканын билдирген.

“Кара-Буура районунда ири мүйүздүү малдын ылаңы күч алып жатат. Бирок, дарыгерлер жемдин жетишсиздигинен деп жатышат. Мен буга макул болот элем, бирок, эчкилер өлүп, лабораторияда анализдерди бербей жатышат”, - деди ал.

Депутат Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс») шарп Нарын жана Чүй облустарында да бар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий