• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдык мааракесине карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бүгүн “Тил-улуттун жаны” - деген темада иш-чара өткөрүлдү. Ага КР ӨКМ борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, ошондой эле министрликтин түзүмдүк, мекемеге караштуу бөлүмдөрүнүн жана аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты.

Аталган иш-чара республикалык деңгээлде уюштурулуп, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек - Ош – Баткен - Жалал-Абад - Талас – Каракол - Нарын шаарларындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору аркылуу онлайн тартибинде, видеоконференция түрүндөгү байланыш жолу аркылуу өттү.

Иш-чарада “Кыргыздын тили –Манастын тили” - деген темада талкуу уюштурулуп, макалдарды улап кетүү таймашы болду. Куткаруучулар мамлекеттик тил тууралуу ырларды көркөм окуп, тил жөнүндөгү макалдарды айтышты.

Ошондой эле иш-чарада министрликтеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү текшерилди.

Пикир

Оставить комментарий