• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Аманбаев америкалык Space X компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык Space X компаниясынын глобалдык лицензиялоо жана активдештирүү боюнча директору Ребекка Хантер менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстанды космостон берилүүчү тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Аталган америкалык компания менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр эки жыл илгер башталган. Жолугушууну жүрүшүндө Ребекка Хантер буга чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң долбоорду ишке ашырууда дуушар болгон көйлөр тууралуу маалымдап, аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Бакыт Аманбаев өз кезегинде элчилик менен Space X компаниясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгилеп, келечекте да биргелешип иш алып барып, коюлган максатка жетүүгө чогуу аракет кылаарын убада кылды.

Ошондой эле тараптар долбоорду ишке ашырууда Space X компаниясы дуушар болгон маселерди келечекте кошумча талкуулоону убадалышты.

Маалымат үчүн: Америкалык Space X аэрокосмостук компаниясы дүйнө жүзүндөгү 90дон ашык өлкөгө космостон спутник аркылуу тез интернет менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий