• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кылмыш-процессуалдык кодекстеги бизнеске байланышкан кемчиликтерди жоюу иштери жүрүүдө – Исабаев

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Мамлекет тарабынан Кылмыш-процессуалдык кодекстеги (КПК) бизнеске байланышкан кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев соттук-укуктук реформанын алкагында экономикалык ишмердикке байланыштуу укуктук нормалардын колдонулушун талкуулаган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгы менен эксперттик жумушчу топ түзүлүп, 2019-жылдан тарта иштеп баштаган кодекс жана беренелерди киргизүү боюнча алектенүүдө.

"2019-жылы соттук-укуктук реформанын алкагында иш-чараларды мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ ал кодекстерди колдонууну, кандай кемчиликтер бар ж.б. маселелерге мониторинг жүргүзүүдө. Эксперттик топ анын баарын мониторинг кылып, анализ жүргүзүп, анын жыйынтыгын өкмөт, парламент жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтөт", - деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү диалогдун максаты – КПКнын бизнеске байланышкан оң жана терс жактарын карап, талкуулоо. Ишкерлерден арыздар түшкөндүктөн, кемчиликтерди жоюу жана бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү боюнча өкмөткө сунуштар берилген.

"Бизнестен канча арыз түшкөнүн азыр айта албайм. Бирок алардын баары эске алынып, бүгүнкү иш-чарада каралууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий