• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 20-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл облусунда +2...+7 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -1...-6 градуска төмөндөйт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +11...+13 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий