• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө боюнча 10 мектепте пилоттук режимде электрондук текшерүү системасы киргизилет

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана "Альфа Телеком" ("Megacom") ЖАКнын директору Акылбек Жамангулов бүгүн, 10-февралда бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинде өттү. Меморандумга ылайык, министрлик мамлекеттик компания менен бирге "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке ашырат.

"Быйыл өлкө боюнча 10 мектепте электрондук текшерүү системасы пилоттук режимде киргизилет. Ага ылайык, окуучулардын мектепке киргенде чип аркылуу текшерүү, атайын билерик же окуучунун жүзүн аныктоочу жабдык коюлат. Ошондой эле электрондук күндөлүк менен электрондук журнал жана аралыктан окуу системасы киргизилет", - дейт министрликтин статс-катчысы.

Жамангуловдун айтымында, билим берүү мекемелери жана окуучулардын ата-энелери долбоордун бир гана байланыш кызматы үчүн акы төлөйт.

"Биздин компания коммерциялык максатты көздөбөйт. Бирок кээ бир майда чыгымдарды ата-энелер төлөп калышы мүмкүн. Жалпысынан алганда долбоорду Megacom компаниясы толук каржылайт. Долбоорду техникалык жактан алганда биздин компания ишке ашырат, ал эми окуучулардын жеке маалыматын сактоо жана коргоону Билим берүү министрлиги өз мойнуна алат", - деди Жамангулов.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, түзүлгөн жумушчу топ өлкө боюнча 10 мектепти тандоодо.

Тараптар долбоорду ушул жылдын ноябрь айында ишке ашырууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий