• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер: 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Азыркы учурда 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, тил мыйзамынын 2-беренеси боюнча өкмөт тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон деңгээлде билүүгө милдеттүү.

"Бул багытта жана мамлекеттик тилди санариптештирүүнүн алкагында өкмөт тарабынан жарандардын тилди билүү деңгээлин аныктай турган "Кыргызтест" системасы түзүлүп, мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген бардык кызматкерлер сынактан өтүүдө. Аларга кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө шарт түзүү максатында “Тил-тест” вебпорталы иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 20 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тестирлөөдөн өттү", - дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, тил мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан шарттар түзүлүп, иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат.

"Азыркы учурда 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелип чыкты. Ал кол коюу стадиясында турат", - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий