• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Ош базарында бардыгы болуп 100дөн ашуун соода түйүнү күйүп кетти

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Ош базарында чыккан өрттөн жалпысынан 118 соода түйүнү күйүп кетти,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен “Сейтек” базарынын 108 соода түйүнү, “Берекет плюс” базарынын 10 соода түйүнү күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 3500 чарчы метрди түзгөн.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-январда болжол менен эртең мененки саат 09:48 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт саат 12:28де чектөөгө алынып, саат 18:29да толугу менен өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий