• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылы Россияда ташталган 17 бала Кыргызстанга кайтарылды

Коом 0


Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. 2018-жылы Россияда ташталган 17 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, 2011-жылдан 2018-жылга чейин мамлекетке жалпысынан 96 бала кайтарылган. Алардын ичинен асырап алууга – 52, фостердик үй-бүлөлөргө – 2, кароого – 10 жана балдар үйүнө 22 бала берилген.

Министрдин орун басары өлкөдө фостердик үй-бүлөлөр жакшы практикага айлангандыгын баса белгилеген. Мындай үй-бүлөлөр 12 миң сом көлөмүндөгү жөлөкпул алышат.

“2018-жылы бизде сертификат алган 132 ата-эне болгон. Бүгүнкү күндө 17 үй-бүлөдө 34 бала жашайт”, - дейт Алыбаева.

Ал кошумчалагандай, мындай үй-бүлөлөрдө балдарга зомбулук кылган учурлар катталган эмес. Эгер ошондой фактылар болсо, анда тиешелүү органдар тарабынан чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий