• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу 90% аяктады

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу 90% аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты - 1889,3 чарчы метр.

Учурда ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Курулуш иштерин “КББ” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий