• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде мобилдик клиника жашоочуларды акысыз текшерүүдө. Графиги

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Баткен облусунда мобилдик клиника 2023-жылдын 13-майынан бери Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун жана Сүлүктү шаарынын тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 700дөн ашык адам терапевт, уролог жана гинеколог дарыгерлеринин кеңешин алды.

Мындан тышкары, ВИЧ, вирустук гепатит В жана С, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 1695 адам экспресс-тестирлөөдөн өтүп, 172 жаранга гепатит В га каршы вакцина жасалды.

Мобилдик клиника Баткен облусунун тургундарын акысыз кароодон өткөрүүнү 13-июлдан 7-августка чейин төмөнкү график боюнча улантмакчы:

- Мин-Чынар;
- Жаш-Тилек;
- Ак Калпак;
- Бүргөндү;
- Кайтмас;
- Кыргыз-Кыштак;
- Алга;
- Ноогардаш;
- Халмион;
- Гулистан;
- Орозбеков;
- Совхоз;
- Кулунду;
- Көк-Талаа;
- Марказ;
- Бак;
- Арпа-Сай;
- Исфайрам.

Пикир

Оставить комментарий