• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ат-Башыда малдын массалык өлүмү катталган жок — аким

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Күн мурун, 2-майда Нарындын Ат-Башы районунда аба ырайына байланыштуу эрте жаздоого чыккан малдын массалык өлүмү болгон жок. Бул тууралуу район акими Эмилбек Абдыкадыров билдиргенин президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү жазып чыкты.

Абдыкадыровдун айтымында, кечээ райондук штаб түзүлүп, абал толугу менен көзөмөлгө алынган.

“Кыштоолорго барган жолдорду ачуу боюнча айыл өкмөт башчылары иш жүргүзүп жатат. 2-май күнү кечинде Кара-Булуң айылындагы эки короо кой жаздоодон алып түшүрүлдү. Алардын арасынан эрте кыркылган койлордон 10-15 кой суукка тоңуп өлгөн. Ошондой эле кыштан арык чыккан 10 чакты ири мүйүздүү мал зыянга учураган. Ал эми калган мал тирүү. Аларга эки автоунаа чөп жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Кар Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Калинин, Терек-Суу, Казыбек айылдарында жаап, малчыларга ыңгайсыздык жараткан.

Пикир

Оставить комментарий