• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыркы 3 жылда камсыздандыруу компаниялары КР экономикасына 8,5 млрд сом салым кошушту

Экономика 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Акыркы 3 жылда камсыздандыруу компаниялары Кыргызстандын экономикасына салык жана инвестиция түрүндө 8,5 млрд сомго жакын акча төлөп, инвестициялашты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмесинин президенти Бакыт Шаршеналиев билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары, камсыздандыруу компаниялары капитал чогултуп, аны депозитке жайгаштырат же баалуу кагаздарга инвестициялайт, бул да өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

Ошондой эле Шаршеналиев белгилегендей, компаниялар көптөгөн жумуш орундарын түзүшөт. "Акыркы маалыматтар боюнча камсыздандыруу тармагында 800дөн ашык адам иштейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий