• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында сел жүрүп, айдоо аянттарын каптады

Аймак 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Нарында сел жүрүп, айдоо аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылаййык, кечээ, 13-июнь күнү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Нарын облусунун Ак-Талаа районунундагы Байгөнчөк айылынын Бөрү-Башы коктусунан сел жүрүп, болжол менен 40 га айдоо аянтын жана Нарын-Баетов унаа жолунун 110-чакырымын сел каптаган.

Жерине ӨКМден 6 куткаруучу тартылып айдоо аянттарга барган ирригациялык каналдардагы суунун нугун "Терек-Сай" дарыясына бурушкан.

Пикир

Оставить комментарий