• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп Динара Жунусова дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп Динара Жунусова дайындалды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин бул кызматта Ажаркүл Дүйшөналиева иштеп келген.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп жаңы дайындалган Динара Жунусова Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болгон.

Пикир

Оставить комментарий