• 88.68
  • 95
  • 0.95

БатМУнун студенттери үчүн жатакананын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) студенттери үчүн жатакананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капсула салуу иш-чарасына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана БатМУнун эмгек жамааты катышты.

Окуу жайдын жатаканасынын эки кабаттуу имараты БатМУнун өздүк каражатынын эсебинен курулууда. Жалпы суммасы 33 млн 900 миң сомду түзөт. Анын ичинде атайын спорт ийримдери үчүн бөлмөлөр, китепкана, ашканасы болот. Имарат ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет.

Ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинде спорт комплекси жана Кызыл-Кыя шаарында да ушул сыяктуу жатакана курулат. Ал эми Сүлүктү шаарында курулушу жүрүп жаткан 100 орундуу бала бакчанын жана 100 орундуу жатакананын ачылышы апрель айында өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий