• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропортунда 4 млн сомдук аткезчилик зер буюмдарды алып өтүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. "Манас" аэропортунда жалпы наркы 4 млн сомдон ашык баалуу зер буюмдарды контрабандалык алып өтүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Манас" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, "Манас" аэропортунун аэробекеттик комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлгө алуунун алкагында КР бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.

"Үстүбүздөгү жылы 23-февралда Стамбул - Бишкек авиакаттамы менен келе жаткан "Turkish airlines" авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жатканда Өзбекстандын эки жараны К.С.Ш. жана Т.С.А. жалпы салмагы 1040 кг алтын зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган алтын зер буюмдардын орточо базар баасы 4 264 369 сомду түзгөн. Мамлекетке жалпысынан 950 614 сом зыян келтирилген.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар КРмыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий