• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто бокс боюнча Азия чемпионатынын коло медалынын ээсин салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. 17-мартта Ош шаарындагы эл аралык аэропортто бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын 52 кг салмактагы коло медалынын ээси Назбийке Абаева менен анын машыктыруучусу Захар Көчкөнбаев салтанаттуу тосуп алынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана спортчунун жакындары катышты.

Салтанаттын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери Назбийке Абаеваны коло медалы менен куттуктап, мындан аркы спорттук ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 27-февралынан 15-мартына чейин Амман шаарында (Иордания) жаштар жана өспүрүмдөр арасында бокс боюнча кезектеги Азия чемпионаты өткөн.

Пикир

Оставить комментарий