• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга, баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүп келет.

“Баңгизаттарды сатуу боюнча онлайн-дүкөндөр аныкталып, 30 дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Башкармалыктын кызматкерлери Darknet, ViPole, Telegram жана башка интернет аянттарында тыюу салынган заттарды сатуучу жактарды аныктоо үчүн мониторинг жүргүзгөн”, - деп айтылат маалыматтта.

Кезектеги мониторинг жүргүзүү учурунда 2021-жылдын декабрында Бишкек шаарында интернет дүкөн аныкталып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу, өндүрүүчү баңгилик лабораторияга бөгөт коюлган.

Азыркы күндө баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды таркатуучу интернет-дүкөндөрдү уюштуруучулар жана ага тиешеси бар жактар аныкталган, “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана “Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелерине кирүүчү предметтердин контрабандасы” беренеси боюнча фактылар катталган.

Пикир

Оставить комментарий