• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда интернет ылдамдыгы жакшырат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кечээ, 17-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов “Кыргызтелеком” ААКнын Ысык-Көл облусундагы филиалынын директору Азамат Кажиев жана “MegaCom” компаниясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назарбек Жолдошбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун башкы максаты – жайкы туристтик мезгил башталгыча Ысык-Көл облусунда интернет ылдамдыгын жакшыртуу болгон.

Алтынбек Сулайманов облустун бардык аймактарында 4G түйүндөрү тартылып, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы ар бир жашоочуга жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле туристтик мезгил башталгыча базалык станцияларды күчтөп, зарыл болсо кошумча станцияларды орнотуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий