• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузактагы Көк-Арт дарыясында суунун нугу көтөрүлдү — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 17.04.24./Кабар/. Сузактагы Көк-Арт дарыясында суунун нугу көтөрүлдү. Натыйжада Жалал-Абад шаарына караштуу №10 дамбанын 150 метр аралыгын суу жеп, кооптуулук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жерине 15 техника тартылып, суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Жарандык коргоо башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылып, тиешелүү жумуштар аткарылууда.

Белгилей кетсек, облустагы кырдаалдар Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаевдин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий