• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионаты – 2024: Бекзат Орункул уулу коло байге жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.04.24./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Бекзат Орункул уулу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло байгенин ээси болду.

82 кг салмакта ата мекендик спортчу чейрек финалдык баскычтан баштап, анда сингапурлук Арян Бин Азманды 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Жарым финалда ирандык балбан менен бүйүр кызыткан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 7:7 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми 3-орун үчүн Түштүк Кореядан келген Се Жин Янг аттуу балбанды 3:1 менен жеңип, Азия чемпионатынын коло байгесине татыды.

Пикир

Оставить комментарий