• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 30 медкызматкер жөнөтүлөт - Осмоналиев

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына 30 медицина кызматкери жөнөтүлөт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, алар борбор калаадагы кесиптештерине жардам бермекчи.

“Ошондой эле, бул жакка пансионаттарда иштөө үчүн Бишкек шаарынан 24 медицина кызматкери келери күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий