• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек – Ош жолунда тынбай жааган жаанга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-128 жана 132-255-чакырымдарында тынбай жаап жаткан жаанга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

“Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Жолго чыкканда айдоочулар жанына трос, чынжыр, дары-дармек, жылуу кийим, тамак-аш, чай ичкенге таза суу алуусу зарыл. Ошондой эле пландалган иш сапарларын кийинки күндөргө жылдырып туруусу зарыл экенин билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолу, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу, Долон ашуусу, Ийри-Суу тилкеси, Кара-Гөө ашуусу жана Каракол - Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий