• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында инфраструктураны жакшыртуу боюнча 66 долбоор жактырылды

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Ош шаарында биргелешип каржылоо программасынын алкагында шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча 66 долбоор жактырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген биргелешип каржылоо программасынын алкагындагы долбоорлорду кароо боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын бардык МАБ жашоочуларынын кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлору каралды. Жалпы суммасы 7,9 млн сомдук 21 долбоорду кароонун жыйынтыгы менен жалпы суммасы 7,67 млн сомго 20 долбоор жактырылды. Анын ичинде суу түтүктөрүн алмаштыруу, канализация түйүндөрүн куруу, оңдоо иштери боюнча долбоорлор, Курбанов атындагы №15 мектеп, балдар аянтчаларын куруу, көп кабаттуу үйлөрдүн аймагындагы жолдорду асфальттоо, имараттардын жер төлөсүндөгү жылуулук тармактарын алмаштыруу, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерин оңдоо жана фасадын сырдоо жумуштары бар.

Маалым болгондой, учурда Ош шаарында муниципалдык кошо каржылоо программасынын алкагында жалпы суммасы 50,3 млн. сомдук 45 долбоор ишке ашырылып, анын тең жарымы жергиликтүү калктын каражаты.

Жалпысынан быйыл комиссия муниципалдык кошо каржылоо программасынын алкагында кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 66 долбоорду жактырды.

Жыйынга Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Муниципалдык турак жай-коммуналдык башкармалыгынын, Ош шаарынын каржы башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, биргелешип каржылоо программасына катышуу үчүн Ош шаарынын тургундары жалпы жумуштун 50% чогултушу керек, ал эми калган сумманы Ош шаарынын мэриясы камсыздайт. Бул программага кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуучу бардык долбоорлор (жолдорду асфальттоо, балдар аянтчаларын куруу, канализация жана ирригациялык тармактарды реконструкциялоо), көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, чатырларды, жылуулук тармактарын оңдоо, домофондорду, кире бериш эшиктерди орнотуу жана башка иштер кирет.

Пикир

Оставить комментарий