Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы шайлоо участокторунда өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Тактап айтканда, кечээ, 22-сентябрь күнү ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалы тарабынан Каракол шаарындагы шайлоо участкаларында жана шайлоо өткөрүлүүчү мекемелерге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан шайлоо участкаларында жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий