• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган". Ошто алдамчылыкка шектүү кармалды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Ош шаарында өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, чала таанышынын 150 миң сомдой акчасын алдап алып, төлөбөй жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык милицияга Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айларында С.Т. аттуу жаран өзүн "УКМК кызматкеримин" деп тааныштырып, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин "тааныштарым бар, бүтүрүп беремин" деп жалпы 158 миң 100 сом акчасын алып, изин жашырып кеткен адамга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Натыйжада жогорудагы факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту сырттан камоо чечимин кабыл алып, шектүүгө издөө жарыялаган.

Бүгүнкү күндө шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына алынып келинүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, тинтүү учурунда шектүүгө таандык болгон "Антикоррупциялык элдик көзөмөл" коомдук бирикмесине тиешелүү болгон күбөлүк табылган. Кызматтык күбөлүктүн канчалык мыйзамдуу экенин тергөө аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий