• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин губернатору: Облус боюнча оор шартта жашаган 30 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Баткен облусу боюнча оор шартта жашаган 30 миң 133 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов маалымдады.

Ал билдиргендей, гуманитардык жардамдар негизинен президент, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, республикалык бюджет, КР ЖКнын төрагасы, жергиликтүү бюджет, ар кандай фонддор жана жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлгөн.

"Облус боюнча жардамга муктаж болгон 30 миң 133 үй-бүлөгө гумжардамдар берилди. 1 миң 381,5 миң тонна ун, 57 миң 879 литр өсүмдүк майы, 44 миң 218 кг макарон, 8 млн 275 миң сомдук ар түрдүү азык-түлүктөр облустун муктаж болгон жарандарына таратылган", - дейт ал.

Өкүл кошумчалагандай, облуста азык-түлүк жагынан эч кандай кооптонуу жок.

"Ал эми азык-түлүктүн баасын жогорулатпоо боюнча күн сайын Монополияга каршы агенттик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Тамак-аш жана азык-түлүккө баа көтөрүлгөн жок", - дейт Алишер Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий