• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан бюджетке 241 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан мамлекетке 241 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесинде айтылды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов жана анын орун басарлары, ошондой эле башкармалыктын аймактардагы бөлүм башчыларынын катышуусунда өттү.

Жыл башынан тартып ЖКККББ тарабынан жалпысынан жол эрежелерин бузган 486 миң 83 айдоочу аныкталып, мамлекеттик буджетке 241 млн 310 миң 765 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 38 млн 647 миң 865 сомго көп.

Анын ичинен:

- мас абалында унаа башкарган 5 миң 440 айдоочу (17,81 пайызга азайган);
- ылдамдыкты ашырып айдаган 71 миң 172 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 1 миң 696 айдоочу;
- тийиштүү документтери жок унаа башкарган 4 миң 910 айдоочу;
- автоээнбаштык кылган 206 айдоочу;
- жол белгилерине баш ийбеген 188 миң 799 айдоочу;
- коопсуздук курун тагынбаган 137 миң 612 айдоочу;
- башка жол эрежелерин бузган 76 миң 248 айдоочу.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 37 миң 764 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов жана ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу, туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү, жер-жерлердеги бош кызмат орундарга кызматкерлерди толуктоо жана кызматтын кызыкчылыгы үчүн, кызматкерлерди жер-жерлерге ротация иштерин улантуу боюнча тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий