• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция тарабынан өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу иштери милиция тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу ШИИБдин жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаар аймагында "Өспүрүм – эмгек" аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Анын алкагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусу көзөмөлгө алынды. Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай жумуштарда иштеп жатышкан өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Аксы РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери суу кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын алып барууда. Сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулуп, жергиликтүү тургундарга жаш балдарды көзөмөлдөө керектиги эскертилди.

Мындай иш-чара Токтогул РИИБи тарабынан да жүргүзүлүп, сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө чоңдордун көзөмөлү жок сууга түшпөө керектиги түшүндүрүлдү. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдама унаасы менен мал жана дүкөн уурулуктарынын алдын алуу багытында район тургундары менен жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сунуштары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий