• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында «Крутой» аталышындагы рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Ош шаарында «Крутой» аталышындагы профилактикалык рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган рейд үстүбүздөгү жылдын 27-январынан тарта Ош шаарынын аймагында башкармалыктын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн атайын иш планына ылайык башталган.

Иш-чаранын максаты жол кыймылынын эрежелерин, автомашинага карата коюлган талаптарды бузуп айдаган айдоочуларды аныктоо, жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.

Жол эрежесин бузган айдоочуларга жалпы 155 административдик протокол түзүлгөн.15 автоунаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.

«Айдоочулук күбөлүгү жок - 4, автомашинанын техникалык паспорту жок - 5, автомашинанын мамлекеттик номери жок - 1 жеңил унаа кармалды. Ошондой эле мас абалында 3 айдоочу кармалган», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий