• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан Кытайга алынып бара жаткан эшектин терилери кармалды – Бажы кызматы

Аймак 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы Кытайга аткезчилик жол менен алынып бара жаткан эшектин терилерин кармады.

22-январда "Торугарт" өткөрмө пунктунда Кытайга жол тарткан "МАN" үлгүсүндөгү унааны текшерип, ондатранын териси салынган каптардын алдынан декларацияга алынбаган салмагы 11 тоннадан ашык эшектин терилери табылган.

Ал терилер башка товар - ондатранын териси катары декларацияга алынган.

Аныкталган терилердин баасы 500 миң сомдон ашат.

Бул мыйзам бузуу боюнча иштин материалдары Финансы полициясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий