• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткендин Кыштут айылында эл менен биргеликте жол оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 15.04.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кыштут айылына жумушчу сапары менен барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, узундугу 5 чакырымды түзгөн айылдын негизги жолун кеңейтүүнү мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн жаштар колго алган. Алар 100 миң сом каражат топтогон. Жаштардын демилгесин айыл өкмөтү колдоп, жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүп берген.

“Жолдун тардыгынан бетме-бет келген унаалардын өтүүсүнө бир топ ыңгайсыздыктар жаралган. Учурда айылдыктар жолдун четиндеги тосмолорун, курулуштарын алып, бак дарактардан бошотуп, курулушка даярдоо иштерин жүргүзүүдө”, - деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Айыл тургундары менен жолуккан облус башчысы тургундардын айылдагы көйгөйдү өз күчтөрү менен чечүү демилгесин колдоп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “эл менен бийликтин биргелешкен аракети - өнүгүүгө зор өбөлгө” деген сөзүн кубаттап, бул багытта Баткен облусунда жол, сугат канал, ички көчөлөр мамлекет менен элдин биргелешкен аракети астында ийгиликтүү ишке ашып жатканын айтып өттү.

Облус башчысы жолду кеңейтүү иштерине керектүү техникалар менен камсыздоого колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Абдикарим Алимбаев иш сапарынын алкагында жаңыдан пайдаланууга берилген ФАПтын ишмердүүлүгү менен таанышып, мектептин курулушунан да кабар алды. 150 орунга ылайыкталган типтүү мектепти жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү маселесин өкүл көзөмөлүнө аларын айтты.

Белгилей кетсек, акыркы эки жыл аралыгында Кыштут айылында мамлекеттин колдоосу менен мектеп, ФАП курулуп, элдин демилгеси менен мечит, көпүрө да курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий