• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында жалпы 14 медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 15.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында жалпы 14 медаль багындырды.

Кыргызстандын куржунунда жалпы 14 медаль топтолду:

Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге:

1-орун — Акжол Махмудов (77 кг);
1-орун — Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (82 кг);
2-орун — Үзүр Жузупбеков (97 кг);
3-орун — Роман Ким (130 кг);
3-орун — Раззак Бейшекеев (67 кг);
3-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Эркин күрөш боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге:

1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өттү.

Пикир

Оставить комментарий