• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Филиппиндин Нью-Кларк Сити шаарында өтүп жатат.

Спортчу брасс ыкмасында 50 метр аралыкты сүзүп 1-орунду багындыра алды.

Кыргызстандык суучул эми 29-февралда 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий