• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн кыргызстандык футзалчылар Мальдив аралдарына каршы оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 11.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы Мальдив аралдарынын командасына каршы беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн саат 20:00дө Бишкекте өтөт.

Буга чейин Түркмөнстан Кыргызстанды 3:1 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-15-апрель күндөрү Азия кубогунун Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндары өтүүдө. Жалпы 8 өлкө катышууда:⠀

А тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.

B тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан, Непал жайгашты.

2022-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Жалпысынан турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий