• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акжол Махмудов Түркиядагы эл аралык турнирде финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында эл аралык мелдешке катышууда. Анын катышуусундагы видеону Түркиянын Күрөш федерациясы жарыялаган.

Эл аралык Champions 2018 турнири 4-июлда башталган, 7-июлда Стамбулда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык мушкер биринчи күнү эки спортчуну жеңген, алгач финляндиялык балбанды (8:0), андан соң азербайжандыкты (5:2). Финалга чыгуу үчүн А.Махмудов түркиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип алган.

Махмудов турнирге машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен барган. Эске сала кетсек, ал бул жылы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын уткан.

Пикир

Оставить комментарий