• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда медайымдар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Баткен облусунда медайымдар сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл Жаныбек Жалалов, “Медайымга ырахмат айт” акциясынын алкагында Баткен облусунун саламаттык сактоо тармагында эмгектенген медайымдарын сыйлады.

Жалалов облус боюнча 17 медайымга ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

“Ак халатчан медайымдарга, элдин саламаттыгы үчүн жасаган эмгегиңиздер үчүн, чын дилимден ыраазычылык билдирем, өзгөчө быйылкы пандемия шартында, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, тыным албай иштедиңиздер. Сиздер жалпы коомдун урмат-сыйына татыктуусуздар. Сиздерге таазим этебиз”, - деди өкүл өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, 2020-жыл Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан медайымдар жана умай энелер жылы деп жарыяланган. Анын негизинде Кыргызстанда 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин “Медайымга ырахмат айт” кампаниясы башталган.

Пикир

Оставить комментарий